КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны Бишкек шаарында өтөт







Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы жер казынасы жана пайдалуу кендер элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, анын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүсү керектигин айтты.
"Акыркы мезгилде биз климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине жана алардын аянтынын кыскаруусуна күбө болуп жатабыз, буга байланыштуу аларды сактоо боюнча чараларды өз убагында көрүү маанилүү болуп калды. Бул олуттуу милдеттердин бири болуп саналат. Себеби ал КМШ мүчө өлкөлөрдүн калкынын жашоо шартына жана сапатына түздөн-түз таасир этет. Аталган багыттагы ишти, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин 2021-2025-жылга Жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана сактоо боюнча биргелешкен иштердин келечектүү пландарын ишке ашыруу алкагындагы ишти активдештирүү маанилүү болуп саналат", - деп белгиледи ал.
Министрлер кабинетинин башчысы КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө келишимди эске салды.
"Бул келишим жумушсуздуктун деңгээлин кыскартууга, Шериктештиктин жарандарынын эркин жүрүүгө болгон укуктарын камсыз кылууга жана жагымдуу эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп ишенебиз. Эл аралык сапарлар үчүн "COVID-19суз саякаттайм" санариптик платформасынын өз учурунда ишке киргизилиши натыйжалуу болду. Аталган тиркеменин жөнөкөй жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аны өлкөлөр ортосундагы темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган эл аралык каттамдагы поезддерде пайдалануу зарыл деп эсептейбиз", - деп сунуштады Улукбек Марипов.
Жолугушуунун жыйынтыгында, КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.
Маалымат үчүн:
2021-жылдын 1-апрелинде "COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси ишке киргизилгенден тарта Кыргыз Республикасынын 64 миң 287 жараны бул тиркемени колдонушкан.



1 |