super.kg logo

Жаныбек Абиров ага карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу Инстаграм баракчасында түз эфирде комментарий берди.

Анда шаардык кеңеш тарабынан чыгарылган ар бир чечимге жооп берерин, бирок бардык тергөө иштери калыс өтүшү керектигин айтты.

"Шаардык кеңеште көпчүлүк чечим чыгарат. Ал жерде мен жалгыз чечим чыгара албайм. Биргеликте чыгарылган чечимге кол коём. Албетте, баары мыйзам чегинде.

Мен маянамды кайрымдуулукка жумшайм. Мындай болгон учурда маянамды жогорулатуунун мааниси кандай?

Макул, текшеришсин. Шаардык кеңештин ар бир кабыл алынган чечими үчүн жооп берүүгө даярмын. Башка өлкөгө дагы чыгып кетпейм. Эң негизгиси калыс жана адилеттүү тергөө болсун", - деди Жаныбек Абиров.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, эмгек акыларына үстөк акылар негизсиз кошулганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: