super.kg logo

Караколдо бир тууган эже-сиңдилер дайынсыз болуп изделүүдө. Алар 10, 16 жашта

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын милициясы дайынсыз жоголгон өспүрүм кыздарды табууга жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 29-май күнү Каракол ШИИБине 47 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 28-май күнү саат 10:00 чамаларында кыздары 2005-жылы төрөлгөн Аделя Сапарахунова жана 2011-жылы туулган Мырзайым Сапарахунова үйдөн чыккан боюнча кайра кайтып келишпегенин билдирген.

Ошол эле учурда улуу кызынын уюлдук телефону өчүк экенин билдирген.

Аделя Сапарахунованын белгилери: Бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кара, көздөрү жана каштары кара. Кийген кийими: Узун көйнөк, жынсы күрмө, ак түстөгү кроссовка. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Мырзайым Сапарахунованын белгилери: Бою 130-140 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кара, карэ кыркылган, көздөрү жана каштары кара. Кийген кийими: Чакмак узун көйнөк. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Өспүрүм кыздарды тааныган жана алардын азыркы учурда турган жерин аныктоого жардам бере турган адамдар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот.

Байланыш телефону: (03922) 5-13-80, 5-84-13, 0701549102 же 102






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: