Тышкы иштер министри Казакстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Сүйлөшүүлөр Казакстан Республикасынын ТИМинин башчысы Муктар Тлеубердинин Кыргыз Республикасына болгон эки күндүк расмий сапарынын алкагында тар жана кенен форматта өттү.
Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргыз-Казак мамилелеринин саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, регионалдык коопсуздук жана чек ара жаатындагы кызматташуудагы актуалдуу жана күнүмдүк маселелерин талкуулашты.
Казакбаев Казакстан тарапка Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кайгылуу окуя, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдердин деталдары жөнүндө маалымдады.
Эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийликтеринин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун тиешелүү турукташтыруу чараларын ишке ашыруу максатында жасаган биргелешкен аракеттерин белгиледи.
Ошону менен бирге кыргыз эли менен Тажикстандын ортосундагы жетишилген макулдашууларды сактоого кыргыз тараптын ниетин баса көрсөттү.
Өз кезегинде министр Тлеуберди боордош мамлекеттин жарандарынын курман болгондугу боюнча кыргыз элине көңүл айтып, кыргыз тараптын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалды саясий-дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу аракеттерин колдоду.
Ошондой эле 2021-жылдын 29-майында расмий сапардын алкагында Казакстан ТИМинин башчысы Тлеубердинин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен жолугушуулары, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чаралар пландалган.

