Улукбек Марипов "Минск трактор заводуна" барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларустун Минск шаарына иш сапарынын алкагында "Минск трактор заводуна" барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма cөз кызматынан билдиришти.
Ал заводдо чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты.
Улукбек Марипов биздин өлкөдө Беларусь тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.
Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.