Баткенде эки бала бакчанын ачылыш аземи орун алды







Бүгүн, 29-майда Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, салтанатка өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана АРИС уюмунун аткаруучу директору Бекжан Супаналиев баш болгон аталган уюмдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
Балдар бакчаларынын курулушу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн 14 миллион сом каржыланып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом салым болгон.
Ал эми Катраң айылындагы бала бакча үчүн АРИС уюму тарабынан 11 миллион сом каржыланып, айыл өкмөтү жана жергиликтүү коомчулуктан 1 797 164,84 сом салым кошулган.

