super.kg logo

АКШда жашап жаткан мекендештер Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга 17 миллион сомдон ашык акча которушту

 

“Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фонду Баткенде жабыркаган жарандарга 18 миллион 725 миң сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куралдуу жаңжалда каза болгон 19 жарандын үй-бүлөсүнө 165 миң сомдон, дагы 18 каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө 125 миң сомдон акчалай жардам беришти.

"Ал эми оор жараат алган 37 жаранга 100 миң сомдон, 51 орто жарадарларга 66 миң сомдон, 82 жеңил жарадар болгон жарандарга 17 миң сомдон, жалпы 170 жараат алган жаранга жардамдар жеткирилди.

Турак жайсыз калган 138 үй-бүлөгө 35 миң сомдон, дагы 3 үй-бүлөгө 25 миң сомдон жардам көрсөтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Аталган фонддун өкүлдөрүнүн айтымында, бул каражаттын негизги бөлүгүн, тагыраагы 17 миллион 595 миң 178 сомду Америка Кошмо Штаттарында жашап жана эмгектенип жаткан мекендештер которушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: