Нарында Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган спартакиада болуп өттү




Кечээ, 29-май күнү Нарын шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" стадионунда Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган Нарын ОИИБинин спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чарага башкармалыктын борбордук аппараты, милициянын кайгуул күзөт кызматы, жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы жана шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган командалар катышты.
Иш-чара спорттук оюндун беш түрү (футбол, гира көтөрүү, кыздар-балдар арасында таяк тартыш, аркан тартыш, 400 метр аралыкка чуркоо) боюнча жалпы 9 команда ат салышып, мелдеш кызуу жүрдү.
Жыйынтыгында, ар бир оюндун түрү боюнча жеңүүчү командалар аныкталып, мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге номинациялар, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана Нарын ОИИБинин Кубогу тапшырылды.

