"Мүрзө жактан өлтүрүп көмүп салалы". Социалдык тармакта эки киши карыяны унаада коркутуп бара жаткан видео тарады
Социалдык тармактарда карыя кишини эки адам унаага салып алып "Колу-бутун байлап, сууга салып жиберели, мүшөк кийгизип коелу. Мүрзө жактан өлтүрүп көмүп салалы" деген видео тарады. Анда карыя кишинин кыйкырып "доске" деп жатканын угууга болот.
Бул факты боюнча Нарын ОИИБи төмөндөгүчө маалымат таратты.
"Бул факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын аты-жөнү такталып, кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, анын жыйынтыгы менен жакын арада кошумча маалымат беребиз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
-1

nerse okshoit~Ataga kichine akcha berip tartilip berin degen okshoit~baari jasalmadai