super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Оштогу "Каныкей" бала бакчасында чогултулган акчанын максаттуу пайдаланышынан шектенем" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кулатов кичи районунун тургуну кайрылды. Анда ал бала бакчада чогултулуп жаткан каражат максаттуу чогултулуп жатабы деген суроо салды.

"Бизде "Каныкей" бала бакчасында тамак-ашка деп 700 сомдон чогултулат. Ар бир баладан, бирок тамак-ашка 520 сом экен. Ал боюнча сурасак, бакчадагы мугалим "кароолчуга, дагы башка майда-чүйдө нерсеге кетет" дейт Негизи кароолчуга мамлекет айлык төлөп берет экен.

Оңдоп-түзөөгө деп чогултуп жатышат. Мамлекет бир тыйын бербейт. Ар бир группа өзүнүн аймагын өзү оңдоодон өткөрөт дейт. Анда мамлекет эмне үчүн тендер жарыялап, акча кетирип оңдоп-түзөөдөн өткөрөт?", - деп кайрылды окурман.

Ошондой эле аталган бала бакча мамлекетке тиешелүү экендигин кошумчалап өттү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
31.05.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик бала бакчанын баары эле 700сомдон бир айына,анча мынча майрамдарга же,нарак берагын ондоп тузоого жардам кылып койсок,кемип кетпейбиз,мамлекет озу кылыш керек деп отура бербей,эгер бир баланы уйдо озунуз карасаныз 520сомду бир айга жеткирип продукты ала аласызбы? Мен катардагы эле карапайым ата энемин,кызым бакчага барып жургон,баарын туура тушуном..
01.06.2021. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aky12,Менде 3 балам бар
01.06.2021. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aky12, Сиз бир кызынызга толоп кое бересиз. 3-4 балалууларчы? Ананда алар ашыкча сурап жатат, ошол точно бала бакчага иштетилип атабы же мугалимдер оздору эле пайдаланып кетип атабы -деген суроо салыптыр мында....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: