УКМК: "Экс-депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттин эсебине 100 миллион сом которду"
Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Сергей Ибрагимовдун каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамдын талаптарын бузуу аныкталган эмес.
"Бирок Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошкон. Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.




1 |