"Психикалык жактан жабыркайт". Баткенде 53 жаштагы Батма Мурзалиева аттуу аял дайынсыз болуп изделүүдө
Баткен облусунда 53 жаштагы Батма Мурзалиева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү саат 08:30 чамаларында Самаркандек айылынын тургуну, психикалык жактан жабыркаган 1968-жылы туулган Батма Мурзалиева өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүүдө.
"Үйдөн чыкканда үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак түстөгү жоолук салынып жүргөн. Бою 160-175 сантиметр, кашы, көзү кара, арык чырай, чачы узун, кара", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.
Милиция сүрөттөгү аялды таанып же жүргөн жерин көрүп калса, төмөнкү телефондорго кайрылууну суранат: (03622) 5-17-56; 0774 77-86-88; 0709 73-66-37.


