super.kg logo

Өлкөдө жыл сайын 6 миңге чукул адам тамекинин айынан көз жумат

 
Бүгүн, 31-май өлкөдө Тамекиге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип келе жатканына 33 жыл толду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, жыл сайын Кыргыз өлкөсүндө болжол менен 6 миң адам тамекинин айынан көз жумат.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча алып караганда, бул көрсөткүч 6 миллион адамды түзөт, алардын ичинен 6 жүз миң адам тамеки түтүнүнө кабылгандар экени тастыкталган.
Тамеки чегүү 25тен ашуун оорулардын түрүнө алып келет, алардын негизгилери болуп жүрөк, кан-тамыр оорулары, дем алуу органдарынын жабыркашы жана бир нече онкологиялык оорулар эсептелет. Ошондой эле тамеки никотининде 7 миңден ашуун уулуу зат бар.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тамеки тартуунун зыяны туурасында 1988-жылы коомчулуктун көңүлүн бурган резолюция кабыл алынып, 31-май Тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыяланган.
31-майга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: