super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу депутаттардын баарын күлдүрдү

 

Депутат Турсунбай Бакир уулу ЖКнын 23-октябрдагы жыйынында "Кумтөрдөгү" үлүштү 67 пайыз кыласың деп өкмөттү кайрадан сүйлөшүүгө жиберүү туура эмес экенин айтты. Айтымында, 67 пайыз кылуу талабы менен сүйлөшүүдөн кийин жыйынтыкка жетише албайт. "Медицина өнүгүп азыр кыздар тойдо булганган абийирин жаап, кайрадан кыз болуп чыгышууда. Биз "Кумтөр" боюнча кайра баштагы келишимге кайтып 67 пайыз кылабыз дегенибиз туура эмес. Бул аракетти жогорудагы мисалга салыштырууга болот",- деди Бакир уулу. Бул сөз айтылган учурда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев залда бирөө менен сүйлөшүп жаткан. Айрым депутаттар Бакир уулунун айткан сөзүн кайрадан кайталап коюуну суранышты. Буга макул болгон Бакир уулу айткан сөзүн кайталап баштаганда, залда отурган депутаттардын көпчүлүгү күлүп жиберишти.  

Буга депутат Өмүрбек Текебаев каршы болду: "Мен үлүшүбүз 51 пайыз болсо жакшы дегенге макул эмесмин. Турсунбай Бакир уулунун "бир жолу жайланса, кайра калыбына келбейт" деген философиясына кошулбайм",- деди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: