super.kg logo

Баткен облусунун чек ара аймактарында мобилдүү топтор 4 аткезчилик фактысын аныктады

 

Баткен облусунун аймагында мобилдүү топтор 4 аткезчилик фактысын аныктады. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарында аткезчиликке бөгөт коюу максатында мобилдүү топтор, жергиликтүү ыктыярчылар иш алып барууда.

"Мобилдүү топ ишке киришкен 10 күн аралыгында чек ара аймактарынан 4 аткезчилик фактысы аныкталды. Кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөгөн. Кармалган жүктөр негизинен жашылча-жемиш, азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экени аныкталып, бажы кызматына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Учурда УКМК, бажы, ички иштер кызматы, салык кызматтарынан турган мобилдүү топтор Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарын көзөмөлгө алууда.

Белгилей кетсек, 21-майда облустун чек ара аймактарында, кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз өтүп жаткан аткезчилик фактыларына каршы күрөшүү, мобилдүү топторду түзүү боюнча администрациядан атайын буйрук чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
01.06.2021. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар кылып жатабы же туугандарбы ?
01.06.2021. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_I,Айрымасы барбы кыргызбы тууганбы ....
01.06.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I,
Кыргыздар кылат да , башка ким кылмак эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: