Санкт-Петербургда Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду




Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссёр Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Кыргыз өлкөсүнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссёрдун туугандары катышты.
"Элчи өз сөзүндө кыргыз киносунун өнүгүшү жана калыптанышы аны эл аралык деңгээлге көтөрүп, өлкөбүздө кино индустриясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Төлөмүш Океевдин ысымы менен ажырагыс байланышта экендигин айтып өттү, ошондой эле кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгын илгерилетүү жана өнүктүрүү элчиликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси. Океев "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш" тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан.
2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

