Министр: "Мамлекеттик ооруканада иштеген дарыгерлерге менчик ооруканаларга иштегенге тыюу салуу боюнча сунуш беребиз"
"Мамлекеттик ооруканада иштеген дарыгерлерге менчик ооруканаларга иштегенге тыюу салуу боюнча сунушун беребиз", - деп бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин комитеттин жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Депутат Бурун Аманова: "Менчик ооруканалар мамлекеттик ооруканаларга караганда жакшы иштейт. Ошол эле дарыгерлер иштейт да", - дейт.
Бейшеналиев: "Биз дагы күрөшөлү деп жатабыз. Ким мамлекеттик ооруканада иштесе, менчик ооруканада иштебеш керек", - деди.
Депутат: "Чектөө коюу туура эмес деп эсептейм. Медициналык аппараттарды мамлекеттик ооруканага алыш керек. Айлыктары төмөн, ошон үчүн менчик ооруканада ишеп жатышат", - дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

