31-майдан тарта Чүй облусунун тургундарына балдарын мектептерге каттоо мүмкүнчүлүгү берилди
31-майдан тарта Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундары үчүн "Мектепке балдарды электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарын микроучастоктон тышкары Бишкек шаарынын мектептерине каттоо мүмкүнчүлүгү берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
"Арыз берүүчү – баланын ата-энеси / мыйзамдуу өкүлү 15-августка чейинки мезгилде мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-класстан орун алуу үчүн ошол мектептеги окутуу тилин эске алуу менен онлайн режимде www.mektep.edu.gov.kg сайтындагы "Мектепке балдарды электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасына мектеп курагына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) баласын каттоого милдеттүү", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 15-февралдан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларында "Мектепке балдарды электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 2021-2022-окуу жылына 1-класска балдарды кабыл алуу жүрүүдө.

