super.kg logo

Чүйдө балдар үйүнүн 15 жаштагы Рустам Ешалиев аттуу тарбиялануучусу дайынсыз болуп изделүүдө

 

Чүйдүн Сокулук районунда 15 жаштагы Рустам Ешалиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 17-май күнү Военно-Антоновка айылында жайгашкан балдар үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

"Белгилей кетсек, аталган өспүрүм буга чейин дагы балдар үйүнөн качып, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылган. Бүгүнкү күндө бала Бишкек шаарынын аймагында тилемчилик кылып жүрүшү мүмкүн деген маалыматтар бар", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Белгилери: бою 162 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң, чачы кара.

Кийген кийими: кызыл түстөгү футболка, көк түстөгү спорттук шым, күрөң түстөгү спорттук бут кийим.

Милиция сүрөттөгү баланы көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0701 80 18 03;





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: