Мурдагы депутат Исхак Пирматов жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов УКМКда сурак берүүдө



Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Игорь Чудинов Кумтөр боюнча сурак берип жатат. Ал эми мурдагы депутат Пирматовдун кайсы иш боюнча сурак берип жатканы азырынча белгисиз.
2015-жылы Жогорку Кеңешке келген Исхак Пирматов мандатын 28-майда өз каалоосу менен тапшырган. Ал эми Игорь Чудинов премьер-министр болуп 2007-2009-жылдары иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.