Асылбек Жээнбеков эки айга камакка алынды
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 31-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Давран Касымов журналисттерге билдирди.
"Асылбек Шариповичти мыйзамсыз камакка алышты. Биз шаардык сотко кайрылабыз", - деди Касымов.
Бул маалыматты Биринчи Май райондук соту тастыктады.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 31-майындагы чечимине ылайык, шектелүүчү А.Ш.Жээнбековго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 31-июль күнүнө чейин тандалды жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна деп белгиленди", - деп билдиришти соттон.
Буга чейин Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
8

Кагылайын эл журт силерден чоң сураныч митингге чыкпагыла, булар мурдатан келе жаткан жемкорлор, ушул убакытка чейин жегендерин кусуп мамлекеттин казынасын толтурсун анан сөзсүз түрдө жазасын алсын. Биз Кыргыздар өзү кызык эле элбизда негизи, 2020-жылы 5-октябарда Асылбек Жээнбеков камалсын, Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсин деп митинг кылып жүрдүк эле, азыр болсо Асылбек Жээнбеков эл сиз менен деп жүрүшөт акчага алдангандар.
Садага болоюн элим аз калды ушунча чыдадык дагы бираз чыдайлы «КЫРГЫЗ» мамлекетибиз өнүгөт кудай буйруса С. Жапаров менен К. Ташиевге күч кубат берсин Кыргыздын накта патриоттору алга!!!