super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитетинде Тарых музейин оңдоп-түзөөгө байланышкан маселелер талкууланды

 

Жогорку Кеңештин комитетинде Тарых музейин оңдоп-түзөөгө байланышкан маселелер талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү музейдеги оңдоп-түзөө иштери эки баскычта жүргүзүү мерчемделгенин белгилеп: "Биринчи баскычта имараттын сырткы бөлүгү, экинчи баскычта ички бөлүгү оңдолмок", - деди.

Талкуу маалында депутат Кожобек Рыспаев аталган оңдоп-түзөө иштери боюнча мамлекет тарабынан кимдер келишимге кол койгонуна кызыкты.

Министрликтин өкүлү Түркия белек катары каражат бөлгөнүн белгилеп, суроого так жооп бере алган жок.

Депутат: "Белекке берилген каражатты да натыйжалуу пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасалгандыгы өкүндүрөт. Тилекке каршы, музей беш жылдан бери ачылбай турат. Андыктан бул аралыктагы чыгымдар үчүн да тиешелүүлөрдүн жоопкерчилигин карашыбыз керек", - деди.

Ал эми депутат Чынара Урумкалиева экспонаттар да атайын желдеткичтин жоктугунан талкаланып жатканына токтолуп, музейдин жетекчилигине "Бул боюнча кимге кайрылдыңар?" деген суроо койду. Музейдин өкүлү тиешелүү жактарга кайрылуулар жолдонгонун кошумчалады.

Талкуу соңунда министрлер кабинетине бир катар сунуштар берилип, анын ичинде музейди 31-августка карата ачуу демилгеси айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: