super.kg logo

Бишкекте 27 энеге "Баатыр эне" ордени тапшырылды

 

Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 12-майындагы №150 жарлыгы менен жети жана андан көп баласы бар, ошондой эле аларды жакшы тарбиялап жаткан энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов санитардык нормаларды сактоо менен көп балалуу энелерди куттуктап, “Баатыр эне” орденин тапшырды.

"Калаа башчысынын милдетин аткаруучу “Баатыр энелерге” чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалады. Жалпысынан 27 энеге "Баатыр эне" ордени тапшырылды. Бишкек шаарында 792 көп балалуу энелер каттоодо турат, алардын 539у “Баатыр эне” ордени менен 253ү “Эне даңкы” медалы менен сыйланышкан", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: