super.kg logo

Алма сабагынан алыс түшпөйт же шоу өкүлдөрүнүн өздөрүн тарткан таланттуу балдары

 

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күнү өнөр адамдарынын элдин назарына түшүп, аз да болсо таанылып калган таланттуу балдарын топтодук.

Театр актёру Арнис Кыдырмышев менен актриса Альбина Имашованын кызы Арууке 9 жашта. Аруукени клиптерден көп көрөбүз. Андан тышкары жаш талант театрларда спектаклдерде роль жаратарын апасы Альбина Имашова айтат. "Кызыбыз Инстаграм социалдык тиркемесинин активдүү колдонуучусу. Биздин "куйругубуз", кеңешчибиз. Инновациялар тууралуу бизге көбүрөөк маалымат берип, үйрөтүп турат", - дейт актриса.

Ырчы Ишен Назаровдун кызы Адеми атасы менен дуэт жаздырып, талантын элге тартуулоо алдында турат. 4 жаштагы Адеми тили жакшы чыга электе эле кыңылдап, музыкага жакын болгонун Ишен мырза буга чейин айткан.

Тамада Эрнис Бөрүбаевдин 5 жашар баласы Нурислам кичинекей блогер катары таанымал. Ал көпчүлүктүн эсине "катынымды сагындым" деген видеосу менен сакталып калган. Нурислам ырчы Айнура Салахидинованын клибине тартылган. "Чоңойгондо киши болом" деп күлдүрөт", - дейт кичинекей блогердин атасы.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын баласы Барсбек дагы чыгармачылыкка кызыгып келет. Ал алгач 7 жашында чоң сахнага Данияр Эрматов менен ырдап чыккан. Жакында эле Барсбек Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" ырын аткарып, клип тарттырууга үлгүрдү.

Ырчы Анжеликанын кызы Айыма 3 жылдан ашуун убакыттан бери "Алга" тобунун солисти. Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу бала бакчадан эле башталып, сахнага алып келди. "Кийин ырчы боломбу белгисиз, балким, хобби катары гана калат. Чоңойгондо башка кесипти тандап каламбы, билбейм", - деген ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
01.06.2021. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишен Назаровдун кызы таланттуу экен
02.06.2021. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишен Назаровдун кызы жакшы ырдайт экен, баарынын балдары ширин,ширин экен бактылуу балалыктын доорун сурушсун
02.06.2021. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самранын баласын талантуу деп айтыш кыйын
04.06.2021. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nina.alex,апасын деле талантуу деп айтып болбойт.Жон гана акчанын арты менен чайылдап кыйкырган той ырчылары.Баласы чон жигит болсун.Бирок таланты жок экен.Жайлоого барсан кой айдап кыйкырып ырдаган балдарды коруп мына талант комускодо калыптыр дейсинго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: