"Баасы 3 миллион сомдон ашык". Ошто менчикке өтүп кеткен жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды
Ош шаарында менчикке өтүп кеткен 3 миллион 660 миң 900 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан Ош мамлекеттик университетине караштуу 154 чарчы метр жер тилкесин А.С. аттуу жаранга берүү боюнча Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган.
"Ошондой эле Ош шаардык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган жаранга менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен шаардык прокуратуранын документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арыздары толугу менен канааттандырылган. Анын негизинде аталган жер тилке мэриянын балансына кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.


