"52 миллион сомго курулду". Баткенде жаңы балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди





Баткен шаарында жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Жол кварталында “Акжолтой Баткен” балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди.
"Салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана балдар бакчасынын тарбиялануучулары катышты.
140 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы республикалык бюджеттин эсебинен 52 миллион сомго курулду. Шаарда дагы бир 50 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилүү алдында турат. Баткен шаарында балдар бакчасына баруучу курактагы балдардын саны 4 миң 300дү түзөт", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Белгилей кетсек, Баткен шаарында 5 мамлекеттик, 6 менчик балдар бакчасы бар. Анда 1 миң 584 бала тарбияланууда.


