Асылбек Жээнбековдун жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрыларын билдирди
"Кумтөр" иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн апелляциялык арыз берилет. Бул тууралуу анын жактоочусу Давран Касымов билдирди.
"Биз Бишкек шаардык сотуна баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз беребиз. Депутат Асылбек Жээнбековду анын Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган кезде 2012-жылдагы "Кумтөрдү" текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын ишмердиги тууралуу иш боюнча камакка алышты.
Белгилей кетсек, Асылбек Жээнбековго "Кумтөр" боюнча эч кандай айып тагылбайт, анткени бул маселе боюнча бардык чечимдерди Кыргыз Республикасынын парламенти кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, адамды кайсы бир кылмышка шектүү катары кароо үчүн тергөө органдары иштин фигуранты шектелип жаткан кылмыштын түзүмүн көрсөткөн далилдерди келтириши керек жана анын кылмыштуу аракеттеринин кесепети катары келтирилген зыяны так белгилениши зарыл. Бирок биз үчүн Асылбек Жээнбеков тарабынан мамлекетке кандай зыян келтирилгени жана анын иш-аракетинен улам кандай кесепеттерге учураганы түшүнүксүз болуп турат. Ошондой эле "Кумтөр" боюнча маселелерди парламентте кароодо кандайдыр бир процедуралык бузуулар да аныкталган эмес.
Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору парламенттин кароосуна тиешелүү комитеттери тарабынан мыйзам менен белгиленген тартипте киргизилген. Бул маселе боюнча парламент тарабынан чечимдерди кабыл алууда төрага Жээнбеков парламенттин регламентин да, башка мыйзамдарды да бузган эмес.
Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам чыгаруучу орган тарабынан коллективдүү кабыл алынган чечимдери үчүн жоопкерчиликке тартыла албайт. Ал мезгилде Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болгон жана регламенттин алкагында иш алып барган. Башкача айтканда, жыйындардын модератору болгон", - деди жактоочу.
Давран Касымовдун айтымында, 2012-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочуларынын кайрылуусу боюнча, "Кумтөрдүн" ишмердигин текшерген депутаттык комиссия түзүлгөн.
"Парламенттик комиссиянын төрагасы болуп ошол кездеги депутат Садыр Жапаров шайланган.
Андан кийин депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралып, ушул эле маселе боюнча мамлекеттик комиссия түзүү боюнча коллегиалдык чечими чыккан. Мамлекеттик комиссияны ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген. Бул маалымат ачык булактардан алынды. Эки комиссиянын тең ишмердиги прессада кеңири чагылдырылган. "Кумтөр" маселеси парламентте 2017-жылы кайрадан көтөрүлүп, ал кезде башка төрага болгон.
Биз “коррупция” беренеси боюнча каралган кылмышка Асылбек Жээнбековду шектүү катары кароо негизсиз деп эсептейбиз. Бул иш саясий себептер менен козголгон, мыйзамсыз болуп эсептелинет.
Ошондуктан биз Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз.
Айрым медиа булактарында бүгүн, 1-июнда Бишкекте Асылбек Жээнбековду колдоо митинги болору тууралуу маалыматтар пайда болгонуна байланыштуу азырынча мындай акцияларды өткөрүү пландалбаганын билдиребиз", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, депутат Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камакка алынды.





1 |