"Бул жакка киргенде күбөдөн күнөө кылып коюшат" дейт УКМКга суракка келген Рыскелди Момбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн, 1-июнь күнү "Кумтөр" боюнча УКМКга суракка чакыртылды. Учурда саат 15:00, эл өкүлү УКМКнын имаратына суракка кирип кетти.
Депутат журналисттерге күбө катары чакыртылганын, "мекемеге киргенден кийин күбөдөн күнөөлүүгө өткөрүп коюп жатпайбы" дейт.
"Мен Фейсбукка "Кумтөр" боюнча кээ бир туура эмес кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча өзүмдүн ой-пикиримди жазгам, ошонун негизинде чакырышы мүмкүн. Болбосо мен "Кумтөр" боюнча чечимдер кабыл алынып жатканда, эч кандай жооптуу кызматта отурган эмесмин. Мага 2-3 сурообуз бар дешти, өзүмө эле үйгө барып бербейсиңерби десем, бул жакка келүүмдү талап кылышты. Биз билебиз да суракка киргенде макамың башка болуп каларын", - деди Момбеков.
Буга чейин Рыскелди Момбеков суракка эмнеге чакыртылганы түшүнүксүз экенин айтып, комментарий берген.




1 |