super.kg logo

Садыр Жапаров балдарга өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өтөрүн айтып берди

 

Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров балдарга өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өтөрүн айтып берди.

Мамлекет башчысы балдар менен жылуу атмосферада баарлашып, окуулары тууралуу сурап, аларды кызыктырган суроолоруна жооп берди. Президенттин администрациясынын структурасында балдарды социалдык жактан коргоо боюнча ишти күчөтүү максатында атайын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту түзүлгөнүн маалымдады.

"Жаш муундун бактылуу балалыкта чоңоюп, бекем ден соолукта болушун жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу биз үчүн маанилүү. Силердин куракта эң негизгиси жакшы окуп, билим алуу зарыл. Өз кесибиңердин билимдүү адиси болуп чыксаңар, алдыңарда бардык эшиктер ачылат, анткени билимдүү адамдын колунан бардык нерсе келет. Келечек силердин колуңарда, силер Кыргыз Республикасынын татыктуу жарандары болоруңарга ишенем. Биз болсо силердин бактылуу балалыкта чоңоюп, жашооңордун ийгиликтүү болушу үчүн колдон келген бардык нерсени жасайбыз", - деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров бардык мамлекеттик структураларды, алардын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын балдардын катышуусу менен "ачык эшик күндөрүн" өткөрүүгө жана бардык жарандар үчүн дайыма жеткиликтүү болууга чакырды.

Жолугушууга келген балдар мамлекет башчысына алдыдагы жайкы каникулдагы пландары, жакшы көргөн сабактары жана мектептеги окуулары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле өздөрүнүн жеке суроолорун узатышты.

Жылуу атмосферада өткөн баарлашуудан соң президент Садыр Жапаров балдарды дагы бир ирет майрамы менен куттуктап, аларга белектерин тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(1)
01.06.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец биздин президент
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: