"4 баланын атасы". Унаасынын эшиги ачык калып, өзү дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды тууралуу маалыматтар
Орхан Инанды билим берүү багыты боюнча Кыргыз өлкөсүнө 1995-жылы келген. Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алып, илимий иштер менен да алектенген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Сапат" билим берүү мекемесинен кесиптештери билдиришти.
Алардын айтымында, Орхан Инандынын 4 баласы бар, 2 уул 2 кыз. Учурда жубайы, уул-кыздары аны тынчсызданып күтүп жатышат.
"Орхан Инанды 1968-жылы Түркияда туулган. Анкара шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин тарых факультетин аяктаган. Ал мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Ал Түркиядан 1995-жылы Кыргыз өлкөсүнө келген. 2001-жылдан тартып "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти болгон.
"Сапат" билим берүү мекемесине жалпы 16 лицей кирет, 1 эл аралык университет, 1 эл аралык мектеп жана 3 башталгыч мектеп.
Ал билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн 2002-жылы "Билим берүүнүн отличниги", ошол эле жылы Ардак грамотасы, 2003-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. Илимий эмгек жазып 2021-жылы педагогика илимдеринин кандидаты, доцент болгон. Ал илимий даражасын Кыргыз билим берүү академиясынан жактаган", - деп билдиришти кесиптештери.
Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Бул маселеге байланыштуу бүгүн, 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.
Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.
"Ал эч качан саясатка аралашкан эмес. Буга чейин коркутуулар деле болгон эмес. Азыр алдын ала жыйынтык чыгарууга эрте. Көптөгөн ар кандай варианттар айтылып жатат. Биз тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу азыр кандайдыр бир так маалымат бере албайбыз", - деп билдирген ал.
Октябрь райондук милициясынан ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө багыттамалар берилгенин, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.







1 |