Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы №21 адистештирилген балдар мектеп-интернатына барды










Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы №21 адистештирилген балдар мектеп-интернатына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы балдарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.
"Балалык – адам өмүрүндөгү эң сонун учур. Бактылуу балалыкты камсыздоо ата-эненин гана эмес, мамлекеттин да башкы милдети болуп саналат. Ал үчүн сапаттуу билим алуусу жана инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүшү зарыл. Бүгүн биз мектеп-интернаттын балдарын куттуктоо үчүн келдик. Силер бардыгыңар азаматсыңар! Зор ынтызарлык менен билим алып, окуу менен катар чыгармачылыкты, спорт жана эмгекти айкалыштырууга үлгүрүп жатасыңар. Силерге чың ден соолук, жаркын келечек каалайм. Ар дайым өз күчүңөргө жана мүмкүнчүлүгүңөргө ишенип, алдыга койгон максатка умтулгула", - деди Улукбек Марипов.
Министрлер кабинетинин төрагасы мектептеги балдардын окуу жана жашоо шарты менен таанышып чыкты.
Адистештирилген мектепке турмуш-тиричилик техникасын жана спорттук инвентарды тапшырды. Ошондой эле мектеп-интернат көп жылдан бери муктаж болуп келген мончо комплексинин курулушуна финансы каражаты бөлүнөт.
Мектепте Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан келген 309 бала билим алат. Мектеп окуучулары шаардык жана республикалык сынактарда жана таймаштарда активдүү катышып келет.


