"Куралды этиятсыз колдонуунун кесепетинен каза болду". Баткендеги аскер кызматкерлеринин ок атышуусу боюнча Чек ара кызматынын билдирүүсү
Бүгүн, 1-июнда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонулган окуя катталды. Бул туурасында Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн маалымдашты.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөө учурунда куралды этиятсыз колдонуунун кесепетинен бир аскер кызматчысы жеринде каза болуп, экинчиси жаракат алды.
"Окуя тууралуу тиешелүү органдар кабардар болушкан. Жеринде Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча териштирүү жүргүзүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
Буга чейин социалдык тармактарда чек арада ок атылып, бир чек арачы жарадар деген маалымат тараган. SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргендей, эки чек арачынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Мындан улам алардын бири шеригин атып, андан кийин өзүнө ок чыгарган. Алардын бири каза болсо, өзүнө ок аткан аскер ооруканага жеткирилген.


