Күн ысыйт. 2-июнга карата аба ырайы
Эртең, 2-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30…+35;
Талас жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.


