super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолукту. Эмне маселе талкууланды?

 

Кечээ, 31-майда Кыргыз-Тажик чек арасында Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода жолугушуп, чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, жасалып жаткан иш-аракеттерди талкуулашты. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

"Жолугушууда жетекчилер 28-30-апрелде орун алган окуянын кесепеттерин жоюу, эл арасында кооптонууларды жок кылуу үчүн түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин аткарылбай келген 2019-жылдын 18-сентябрындагы эки тараптуу протоколдун Кыргыз өлкөсүнүн Максат, Тажикстандын Овчу-Калача айылдарынын ортосунда милициянын биргелешкен жөө патрулун коюу боюнча пункту макулдашылып, натыйжада эки тараптан тең коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн милициянын жөө патрулу коюлду.

Абдикарим Алимбаев менен Ражоббой Ахмадзода Кыргыз-Тажик чек арасындагы бир катар маселелерди жеринде чечүү үчүн чек ара аймактарын бирге карап чыгышты.

Белгилей кетсек, эки облус башчысы буга чейинки жолугушууда чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөрдү кечиктирбей, ыкчам чечип туруу үчүн жума сайын жолугуп турууну макулдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.06.2021. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачпай турса дагы 1 ай
01.06.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Eden-Hazard,Өмүр бою ачпай койсо деле капа болбойт элем.
02.06.2021. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи суроттогу костюм шым менен кепка кийип, анын артында ак койнок менен ак красовки кийген туугандар ачылышатго...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: