super.kg logo

"Аны уурдоо пландалып жатканы тууралуу маалыматтар 2019-жылы белгилүү болгон". УКМК дайынсыз жоголгон Орхан Инандыга жан сакчы менен жүрүү сунушталганын айтты

 

Дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин мурдагы жетекчиси Орхан Инандыга жан сакчы менен жүрүү сунушталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"УКМК "Сапат" билим берүү мекемелеринин мурдагы жетекчиси, Кыргыз жараны Орхан Инандынын уурдалышы боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт:

2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун Инандыны жакындарынан акча талап кылуу үчүн уурдоо ниети бар экендиги тууралуу маалыматтар белгилүү болгон. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде текшерүү иштери жүргөн. Бул тууралуу Орхан Инандыга кабар берилип, жеке жан сакчы менен жүрүү сунушталган.

Учурда УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды издөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.

Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: