super.kg logo

Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу: "Манас" аэропортунда дагы митинг өтүүдө

 

Бүгүн, 1-июнда "Манас" аэропортунда "Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу митинг өтүүдө. Маалыматты SUPER.KG порталына аэропорттун басма сөз кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, болжолдуу 30дай адам аэропорттун жолунун боюнда турушат. Алар "Манас" аэропорту аркылуу Орхан Инандыны сыртка алып чыгып кетүү мүмкүн деп чогулушкан. Бирок чогулгандар аэропорттун ишин үзгүлтүккө учураткан жок.

Окуянын чоо-жайы:

Бүгүн, 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу бүгүн, 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

"Ал эч качан саясатка аралашкан эмес. Буга чейин коркутуулар деле болгон эмес. Азыр алдын ала жыйынтык чыгарууга эрте. Көптөгөн ар кандай варианттар айтылып жатат. Биз тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу азыр кандайдыр бир так маалымат бере албайбыз", - деп билдирген ал.

Октябрь райондук милициясынан ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө багыттамалар берилгенин, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.06.2021. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гуленчилер ушундай болушу мүмкүн эле да калпеле биз гуленчилер эмесбиз деп актанышат
02.06.2021. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Террорист Гүленчилер ушинтип тазаланыш керек өзү өлкөбүздөн!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: