super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды

 
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысына Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү динамикасы, комплекстүү инфраструктуралык, социалдык-экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалымат берилди.
Мэр Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча муниципалдык органдар жана тиешелүү кызматтар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.
Президент Садыр Жапаров Ош шаар тургундарынын жашоосуна түздөн-түз таасир этүүчү шаарды өнүктүрүү программаларын өз убагында ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы башка маселелер менен катар алдыдагы коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде өлкөнүн кээ бир шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнө көңүлүн бурду.
Садыр Жапаров шайлоонун ачык-айкындыгын толук камсыз кылууну, кандай гана чиновник болбосун алардын административдик ресурстарды колдонуусуна жол бербөөнү тапшырды.
Ал ушул жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигин айтып, буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганына токтолду.
Садыр Жапаров шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун, жарандардын укугу менен эркиндигинин, коомдук коопсуздуктун, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
Мамлекет башчысы муниципалдык же башка кызматкерлердин шайлоого таасир этүү үчүн жасаган бардык мыйзамсыз аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюлат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.06.2021. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Оштун мэрин колдош керек Президент, себеби мэр Ош шаарынын өнүгүүсүнө салымы өтө чоң.
02.06.2021. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул адамды ордунда калтырып кобуроок духтан берип иштетип алыш керек ото меенеткеч адам
02.06.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оштун мэриндей Кыргызстанда жок ишти катырып атат Эл раазы
02.06.2021. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бардык проектилерин ишке ашырсын,иштесин
02.06.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оштун мэриндей иштеген мэр жок, Президент мэрди колдош керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: