super.kg logo

Депутат: "Бишкекке автобустарды алып келүү керек, болбосо коомдук транспорт боюнча көйгөйлөр чечилбейт"

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары жумушка чыкпай койгону боюнча маселе көтөрдү.

"Маршруттук таксилерде кандай көйгөйлөр болуп жатат? Бул маселени мэрия чече албай жатат. Коомдук транспорт маселесин карасак автобус, троллейбус алуу керек. Өкмөткө тапшырма берүү шарт", - деди ал.

Бүгүн Бишкек шаарындагы маршруттук таксилер жумушка чыкпай тургандыгы айтылган. Учурда аялдамаларда топтолгон эл маршруттук таксилерди күтүп жаткандыктарын көрүүгө болот. Учурда борбор калаада троллейбустар, автобустар гана толук кандуу иштеп жатат.

Маршруттук таксинин айдоочулары январь айында жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып митингге чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.06.2021. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сени дагы камаш керек кандай эле депутаттар силер макул болсонор камалат болбосонор камалбаш керек анда силер баарынар кылмыш кыла бергиле биз камалганга макул эмеспиз деп отура бересинерда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: