Кара-Көлдө асма көпүрөдө 54 жаштагы аялдын кийимдери табылган. Аны издөө иштери токтотулду
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Кара-Суу дарыясында адамдар өтүүчү асма көпүрөдө белгисиз аялдын кийимдери табылганы маалым болгон.
Окуя 25-май күнү саат 15:20 чамасында болгон. Тактоо иштеринде кийимдер 1967-жылы туулган аялга таандык экени аныкталган.
31-май күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Кара-Көл шаардык ӨКМнын 5 куткаруучусу тартылып, саат 14:40та издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.
Кечээ, 1-июнь күнү издөө иштери жүргүзүлгөн жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.