super.kg logo

Ооругандардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу. Бишкекте балдар ортопедия бөлүмү ачылды

 

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдар ортопедия бөлүмү ачылды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, ооругандардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу 25 орунга ылайыкташкан ортопедия бөлүмү түзүлдү. Аталган мекемеден билдиргендей, жаңы ачылган бөлүмдө заманбап диагностикалык жабдуулар, лаборатория бар, бул диагнозду так аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Белгилүү болгондой, бейтапкананын 2013-жылдагы буйругу менен хирургиялык инфекция бөлүмүндө ортопедиялык бейтаптарга 15 керебет бөлүнгөн. Сегиз жыл ичинде 4 миңге жакын бейтап дарыланып, 2 миң 900 бейтапка операция жасалды.

ртопедия бөлүмүнүн ачылышы ооругандарды мурдагыдан көбүрөөк дарылоого, ортопедиялык патологиясы бар бейтаптарды дарылоонун жаңы, заманбап ыкмаларын практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Келечекте церебралдык шал оорусу жана 3-4-даражадагы сколиоз менен ооруган балдарды заманбап дарылоону камсыз кылган нейро-ортопедияны киргизүү пландаштырылууда", - деди борбордун директору Гүлзат Маймерова.

Буга чейин балдар ортопедия бөлүмү Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда гана ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: