super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясы маршруттук таксилердин айдоочулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

 

Мэрия маршруттук таксилердин айдоочулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Ункуев билдирди.

"Январь айында маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганда жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал жумушчу топ ишин Экономика министрлигине өткөрүп берген.

Мэрия өз жумушун аткарды. Шаардык кеңеш бул маселени карап бериши керек.

Бүгүнкү күндө биз аларды түшүнүп турабыз", - деди шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Ункуев.

Ошондой эле учурда маршруттук таксилердин айдоочулары менен шаардык мэрия сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын кошумчалап өттү.

Белгилей өтсөк, бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Мэриядан саат 11:00дөн тарта каттамдар калыбына келтирилери айтылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: