super.kg logo

"Орхан Инанды табылсын" деген талап менен экинчи митинг өттү. Түркия элчилиги окуя боюнча үн ката элек

 

Бүгүн, 2-июнда Бишкекте Орхан Инандынын жоголуусунан улам митинг өтүүдө. Чогулгандар "Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын табылуусун жана анын жоголуусуна байланыштуу суроолорго так жооп талап кылышууда.

Митингге "Сапат" лицейинин окуучулары, бүтүрүүчүлөрү жана мектеп жамааты чыкты. Митинг Түркиянын элчилигинин алдында башталып, өкмөт үйүнүн алдында уланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-июнь күнү дагы аталган билим берүү мекемесинин өкүлдөрү митингге чыгып, "Кыргыз өлкөсүндөгү Түркиянын элчиси чыгып, окуяга комментарий берсин" деген талап менен чыгышкан. Аталган мекемеден экинчи күнү да жооп болбогонунан улам митингдин катышуучулары бүгүн өкмөт үйүнүн алдына жөө жүрүш жасашты.

Ал эми митингдин катышуучуларынын максаты, талабы дегеле ою тууралуу видеону SUPER.KG порталынан толугу менен көрүңүз.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

"Ал эч качан саясатка аралашкан эмес. Буга чейин коркутуулар деле болгон эмес. Азыр алдын ала жыйынтык чыгарууга эрте. Көптөгөн ар кандай варианттар айтылып жатат. Биз тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу азыр кандайдыр бир так маалымат бере албайбыз", - деп билдирген ал.

Октябрь райондук милициясынан ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө багыттамалар берилгенин, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.






Орхан Инандынын жоголуусунан улам митингге чыгышты

Автор: Гулзина Каныбекова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: