Убадалар удаа берилип, бирок сөз бойдон калып келген. Маршруттук таксинин айдоочуларынын 9 жылдан бери чечилбеген көйгөйү
Кечээ, 2-июнда Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, каттамга чыкпай койду. Эртең менен жумушка шашкан эл аялдамаларда топтолуп, троллейбус, автобустарга жык-жыйма болуп барчу жерлерине жетип алды. Кайсы бири такси кызматын колдонушту. Ал аз келгенсип такси кызматы дагы тарифин жогорулатып, элди бир топ кыйын кырдаалга кептеди.
Аталган көйгөй дээрлик 9 жылдан бери, атап айтканда, 2012-жылдан тарта көтөрүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 2012-жылы гана жол кире 2 сомго кымбаттаган. Дээрлик 9 жылдан бери жол кире бир калыпта сакталып, көтөрүлгөн эмес.
Убадалар удаа берилип, бирок сөз бойдон калып келген. Алыс кетпей 2021-жылды эле мисалга алсак, 19-январда маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, каттамга чыкпай койгон. Маселе өтө олуттуу экендигин түшүнгөн шаардык мэрия айдоочулар менен сүйлөшүп, аталган көйгөйдү май айында чечип берүүнү убадалаган. Тилекке каршы, июнь айы болуп калганына карабастан көйгөй чечилген эмес.
Шаардык мэриядан тарифтерди көтөрүү маселеси дароо чечилбестигин, буга мыйзам жол бербестигин айтышты.
"Январь айында маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганда жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал жумушчу топ ишин Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берди.
Мэрия өз жумушун аткарды. Шаардык кеңеш бул маселени карап бериши керек", - деди шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Ункуев.
Ошондой эле тариф маселесин кароо соңку шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышынан улам узарып кеткени кошумчаланды.
Январь айындагы айдоочулардын нааразычылык акциясынан кийин Бишкек шаарынын мэриясы жол кире тарифин өзгөртүүнү коомдук талкууга койгон. Анда жол кире көтөрүүнүн үч варианты камтылган:
автобус, троллейбус - 11 сом
маршруттук такси - 15 сом.
Үчүнчү вариантта автобус - 15 сом, троллейбус - 11 сом, маршруттук такси - 19 сом.
Бишкек шаардык мэриясы экинчи вариантка токтолуп, экинчи варианттын токтомунун долбоорун шаардык кеңешке сунушталары айтылган.
Эске салсак, 2014-жылы 28-июлда Бишкектеги кичи маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу иш ташташып, күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты. 30-июлда маршруттук таксилердин айдоочуларынын көпчүлүгү жумушка чыгышкан.
Ал эми шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов аталган көйгөйдү сентябрь айында чечип берүүнү убадалады.
кошулду



Аларды созундо дагы чындык бар чонтогунордон 500 сом ашыкча кетет чын менден да бирок бизда 1014-жылда жашабайтабыз бул акыйкат