super.kg logo

"Карапайым эл жол кире 15 сом болушуна макул, чоңдор эле каршы чыгып жатат" дейт маршруттук таксинин айдоочусу

 

Бүгүн, 2-июнь күнү Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары жумуштарына чыкпай жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышты. Эске салсак, маршруттук таксилердин айдоочулары буга чейин январь айында ушул эле талап менен митингге чыгышкан.

Маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганы боюнча Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына байланышканыбызда сүйлөшүү жүрүп жатканын, саат 11:00гө чейин айдоочулар жумушка чыгарын билдиришкен.

Шаардын көчөлөрүнөн бир да маршруттук такси таппагандыктан алар чогулган жерге барып окуянын чоо-жайын сурап көрдүк.

"Учурда бир гана маршруттук такси акысы эле эмес, бардык нерсе кымбаттап жатат. Биз көп акча кошкула деп талап койгон жокпуз. 5 сом гана үстүнө кошсун деп суранып жатабыз. Эл деле бул нерсеге каршылык көрсөткөн жок. Карапайым эл маршруткага чыгып калганда кээ бирлери 15-20 сом деле берип "Силерге деле кыйын" деп бизди түшүнүшөт. Интернетте каршылык көрсөткөндөр менимче байлардын эле жол тандабас айдаган балдары. Кечинде кеч үйгө барабыз, эртең менен эрте чыгабыз, тапкан акчабыз 500-600 сом болгондуктан аялдарыбыз менен кырылышып бүтмөй болдук. Тапкан акчаңа азык-түлүк аласың. Азык-түлүк кымбат болуп жаткандан кийин тапканың эч нерсеге жетпейт. Маршруткаларыбыз бузулса тетиктерибиз кымбат, бензин баасын айтпасак деле билесиңер", - дейт маршруттук таксинин айдоочусу.

Кошумча айта кетсек, Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин маселеси чечилгенче 4 кошумча автобусту ишке киргизди. Мындан сырткары 140 троллейбус, 125 автобус шаар тургундарын ташууда. Учурдан пайдаланган такси кызматкерлери жол кирени кымбаттатып салышканына шаар тургундары нааразы болушууда.

"Айдоочулары иш таштаса таксисттери эдиреңдеп эки эсе кымбат айтып турган кайран кыргыз. Бири-биринин канын соргон кайран кыргыз", - дейт Бердибек Жамгырчиев.

Арасынан боорукер адамдар чыгып "жолубуз бир болсо ала кетели" деп тыгылган аялдамаларды азайтышууда.

Белгилей кетсек, учурда маршруттук таксилердин айдоочулары менен жабык эшик артында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маршруттук таксинин айдоочулары эмне дейт жана элдин бул маселе боюнча ою кандай сурамжылоо жүргүздүк. Толугу менен видеодон көрүңүз.






Айдоочулардын иш ташташы: "Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат"

Автор: Медина Найманова
Оператор: Бакыт Жаналиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
02.06.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биринчиден маршруткалар менен көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлор жүрүшөт, экинчиден алар эч качан макул эмес кымбатташына, и так эле баары кымбат болууда...
02.06.2021. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
15 эмес 20га которсо да болот, бардык нерсе кымбаттады,балдарыбыз кунуго, 50.100 сом да жеп койот го, 5 сом ар жерде чачылып жатат, жол кире которулмой сайын чыкпагыла
02.06.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Paprikafm,сен точно маршрутка айдагандардан окшойсун э.же маршрутка айдагандардын бир нерселеринен окшойсун,аялы тууганы Баласы деген сыяктуу
02.06.2021. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Paprikafm,Чыкпай эле турсун. Автобустар келип иши жок калганда бармак тиштеп калышпасын
02.06.2021. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Автобустар мн камсыз кылыш керекда мамлекет тарабынан
02.06.2021. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде пенсионерлерге,иштебегендерге,жалгыз бой энелерге бут баарына 10 сом,чет олколордо льгота бар буларга.Эми аз келгенсип кымбаттаса,элге кыйын эле болотго.Иш жок...Айлык аз,бардык кымбат...
02.06.2021. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кымбаттаса эле ар бир киши маршруткада отуруп барвт бекен? Мен дайыма маршрутка менен журом, консервадагы балыктай шыкап алышат, эгер орун бош болуп отуруп калса, байкуш жургунчу ушунчалык суйунот, самолетто бизнес класста отургансып, карап туруп жанын ачыйт, ыйлагын келет. Жаштарыбыз ыймандуу, ушунчалык отургусу келет, бирок орун бошотуп берип, туруп барышат. Аларды коруп, дагы жанын ачыйт. Бааны которушсо, шыкап толтурбасын, айдап баратышып маршрутканы телефондо суйлошпосун, маданияттуу болсун
02.06.2021. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бензин беш сомго кымбаттаса жол кире да беш сомго которулгону акылга сыйбайт.
Бир кундо 20 л.бензин куюшса усток акчасы 100 эле сом болот. Анан ар бир клиенттен 5 сом усток пул алышса жыйырма адамдан эле бензиндин (айырмасы) акчасы чыгып атпайбы? 2 сом эле кошсо жетет, инфляцияны, элдин да жашоосун эске алсак.
02.06.2021. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бишкекте тролейбустар көп го, пока ошо менен каттап тургула, автобустар келет экен го, ошондо маршрутканын аты да жок болот. А тралик барбаган жерлерге бизде Ошто таксилер 4 адамдан 20 сомдон 80 сом алат көп жыл болду, ага биз да макулбуз 20 сом менен заматта жетебиз, кысылбай еще көп жүк да салып алабыз кээде. Шаардын четиндегилерди билбейм кантип кетишет, алар деле биздей болсо керек.
03.06.2021. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кантип кара башыңды жеп 500-600 сом иштейм деп атасыңар бети жок акмактар.Кем дегенде майдан тышкар 2000 табасыңар майыңар менен 3000миң бизди билбейт деп ойлойсуңарбы?Менин бир тууган иним,бир тууган күйөө балам маршуртка айдашат алардан өткөн бай киши жок жыргап эле 3000миңден таап атышат.Эч качан көтөрбөгүлө мен каршымын элди да ойлогула
SUPER.KG видео
03.06.2021. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кесирленип иш таштагандар ошол бойдон жоголуп кеткиле.Былтыр пандемияда такыр эле каттабай бир тыйынга зар болуп отуруп калганды унутуп калдынарбы?.Жол кире которгуло дегендин ордуна,озунордун чондорунардан налог,патент жана башка ызы чуу акча тологон нерселерди жокко чыгарып же азайтууну сурангыла.Элдер деле акчаны кочодон таап аткан жокпуз,мээнет менен иштеп таап атабыз.Качанкыга чейин эл кыйналышы керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: