Кыргыз өлкөсү бир ай бою БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобун жетектеди



2021-жылдын май айында Кыргыз Республикасы БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобун жетектеди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 55 мүчө мамлекеттен турган БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобу БУУнун 5 регионалдык тобунун эң ириси болуп саналат.
"Төрагалыктын алкагында 55 мүчө мамлекеттин атынан Кыргыз өлкөсүнүн БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумдарында сөз сүйлөдү. Ошондой эле БУУнун башкы катчысынын орун басары Амин Мохаммед, Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын президенттигине талапкер, БУУнун шайлануучу органдарына талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп, бир айдын ичинде мүчө мамлекеттердин жана БУУнун катчылыгынын ортосунда туруктуу жана ыкчам байланышты камсыз кылды", - деп айтылат маалыматта.
БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобунун ай сайынкы отурумунун жүрүшүндө мүчө мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн туруктуу өкүлдөрү жана дипломаттары кыргыз тарапка топту жогорку жана сапаттуу төрагалык камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.


