"Кырдаалдан пайдаланбагыла!". Бишкек мэриясы такси кызматын тейлегендерге кайрылды

"Урматтуу такси кызматынын ээлери жана айдоочулар, сиздерди жол кире акысын жогорулатпоого чакырабыз. Кечээтен бери орун алган кырдаалдан пайдалануунун кажети жок.
Жарандарыбыз ишке, үйүнө жете албай кыйналышууда. Райондук администрациянын күчү менен жарандарды акысыз ташууну уюштурдук. Троллейбустар жана автобустар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Кечээ, 2-июнда маршруттук такси кызматынын айдоочулары жол акысын жогорулатууну талап кылып, иш таштаган. Андан көп өтпөй эле социалдык тармактарда такси кызматын тейлегендер жол киреге болгон тарифти жогорулатканы талкуу болду. Жүргүнчү ташыган такси кызматтарынын бири бензин жогорулаганына байланыштуу тарифтерин көтөрүшкөнүн маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.