super.kg logo

Жыл башынан бери 17 адам жугузган. Өлкөдө бруцеллезго кабылгандар көбөйүүдө

 

Бишкек шаарында жыл башынан бери бруцеллез оорусу 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17 адамдын ичинен 11и бруцеллезду жуктуруп алганын соода түйүндөрүнөн мыйзамсыз сатып алынган сүт жана сүт азыктарын ичкенде, 5 бейтап инфекцияны чала бышырылган эт азыктарын (шаурма, гамбургер) колдонуу менен байланыштырса, 1 адам бодо малды кароодон жуккан деген.

Бруцеллез - жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Бруцеллезду бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Адамдарга бул оору көпчүлүк учурда мал-жандыктар төлдөгөн учурда көп жугуп калат. Себеби тууттун жүрүшүндө адамдын колдору бруцеллезду козгогучтар (бруцеллалар) менен көбүрөөк байланышта болот.

Бруцеллездон кантип сактануу керек?

  1. Малды төлдөтүү учурунда сөзсүз резина кол кап жана өтүк кийип, бет кап тагыныш керек;
  2. Төлдөтүү үчүн атайын жай бөлүштүрүү;
  3. Тондорду көмүү үчүн тереңдиги 1 метрден кем эмес чуңкур даярдап коюу;
  4. Төлдөтүп жатканда тамеки чекпөө керек жана тамактанбоо;
  5. Төлдөткөндөн кийин кол кап, өтүк, бет кап жана төлдөтүү болгон жерди дезинфекциялоо;
  6. Малды союп жатканда ошол эле сактануучу каражаттарды (резина кол кап менен өтүк) пайдалануу;
  7. Жумуштан кийин колду самындап жуу;
  8. Тамакка оорулуу малдан алынган сүт жана эт азыктарын пайдаланууда ооруну жугузуп алуудан сактануу (таза бышырып пайдалануу).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: