Кичи автобустарсыз экинчи күн. Бишкекте жол тыгындары жаралууда (сүрөт)




Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары экинчи күн катары менен каттамга чыккан жок.
Учурда 1500 маршруттук таксинин ордуна такси кызматтары иштөөдө. Мындан улам борбор калаанын бардык бөлүгүндө жол тыгындары пайда болууда.
Ал эми айдоочулар SUPER.KG маалымат порталына жол акы көтөрүлмөйүнчө каттамга чыкпай турганын билдиришти.
Маалымат үчүн:
Белгилей кетсек, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Бүгүн дагы борбор калаадагы маршруттук таксилер каттамга чыгышкан жок.
Эл ташыган кичи автобустун айдоочулары буга чейин дагы иш ташташкан. Мунун себебин алар акыркы жылдагы кымбатчылык менен байланыштырып, күйүүчү майдан тартып азык-түлүккө чейин баалар кымбат болгондуктан, тапкан каражаттары жетишпей жаткандыгы менен түшүндүрүп келишет.
Айта кетсек, Бишкек шаарында маршруттук таксиде жүрүүнүн жол акысы 10 сом.









1 |