super.kg logo

"10 күндөн бери дайынсыз". Чүйдө кайненеси 1 жарым ай мурун алган келинин издөөдө

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын 27 жаштагы Алина Эшемкулова аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кайненеси билдирди.

Анын айтымында, келини 21-май күнү болжол менен саат 14:00дө үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

"Келиним шал оорусу менен жабыркап келет. Туура 1 ай 20 күн мурун той берип, уулум менен баш кошушкан. Биз Кант шаарындагы милицияга арыз жаздык, ошондо анын Караколдо каттоодо турарын билдик.

Айыл тургундары дагы көчөдөн өтүп бара жатканын көрдүк деп жатышат, айылыбызда эле жүрөт окшойт. Биздин издебеген жерибиз калган жок. Келинимдин биз менен жашап жатканына 1 жарым ай болгондо жүрүм-туруму өзгөрө баштады, анан эжесин чакырып "алып кеткиле, бир аз силердикинде жашап, өзүнө келип алсын" дегенбиз. Алып кетишкен, эртеси эжеси мага чалып "ооруканага кетсем качып кетиптир, үйдө жок" деп айтты. Ошондон бери 10 күндөй болду. Баарыбыз издеп жатабыз.

Ал деле бирөөнүн баласы да, сарсанаа болуп жатабыз. Биздикинде жашап жатканда деле түндө эшикке чыгып кетчү", - деп билдирди кайын энеси.

Изделип жаткан келиндин белгилери: Бою 170 сантиметр, арык чырай, чачы кара. Боз көйнөк кийип жүргөн.

Туугандары сүрөттөгү Алина Эшимкулованы көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерге кабарлап коюуну суранат: 0708 85 11 52.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: