Бишкекте 23-октябрда акын Жалил Садыковдун өмүрү тууралуу тартылган документалдуу фильмдин премьерасы өттү
Кечээ, 23-октябрда Бишкекте Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө эл акыны Жалил Садыковго арналган "Убада" атылыштагы документалдуу фильмдин премьерасы болуп өттү. Кинематография департаментинин билдиргенине караганда Болот Алимбаев тарабынан "Кыргызфильмде" тартылган фильмде өлкөнүн тарыхын чагылдырган архивдик кинокадрлар жана акындын өзүнүн эскерүү кол жазмалары, ырлары колдонулган.Премьерага белгилүү жазуучулар, Республиканын кино жана маданият ишмерлери катышып, документалдуу фильмге жогорку баа беришти.
Сценарийдин авторлору-Жипара Садыкова жана Болот Алимбаев, композитор-Б.Алишеров, үн режиссёру Нуркыз Түнгатарова, монтажёр-Керим Омуркоджоев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.